Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 13.12.2016 14:08

Айыл турмушу: Жети-өгүздүк айдоочу Ж.Мусалиев 37 жылдан бери жүргүнчүлөрдү ташыйт (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын тургуну Жаныбек Мусалиев 37 жылдан бери айдоочу болуп иштеп, үй-бүлөсүн багат.

Turmush басылмасынын кабарчысы тажрыйбалуу айдоочунун иши менен таанышып келди. Ж.Мусалиев 1980-жылы атасынын «Запорожец» үлгүсүндөгү унаасын биринчи жолу 15 жашында айдаган. Колхоздо текшерүүчү комиссиянын төрагасы болуп иштеген атасы ага техникага кандай мамиле жасоо керектигин түшүндүргөн.

Ж.Мусалиев 1983-жылы 18 жашында айдоочулук күбөлүгүн алып, аскерге кеткен. Ал Крымда дивизиянын командиринин айдоочусу болуп, «Волга» унаасын айдап жүрчү. Аскердик кызматы аяктагандан кийин эле колхоздо жүк ташуучу унаа айдап, колхоз тараганча эмгектенген.

Кийинчерээк автобус сатып алып, алгач жүк ташып, кийин жүргүнчүлөрдү ташыганга өткөн. Акыркы 8 жылдан бери Кызыл-Суу—Каракол каттамында жүргүнчүлөрдү ташыйт.

«Мен 18 жашымда Каракол шаарындагы педагогикалык институтка өтүп, бирок окуган жокмун. Көңүлүм айдоочулук кесипке тартып туруп алды», - дейт Жаныбек Мусалиев.

Учурда 3 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×