Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 15.12.2016 18:37 На русском

Айыл турмушу: Кыргыз тилин билип туруп, кыргызча сүйлөбөгөн жаштарды көргөндө көңүлүм ооруйт, - ысык-көлдүк Мария (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айылында туулуп, өскөн Мария Колесникова кыргыз тилин мыкты билгени менен көпчүлүктү таң калтырат.

Turmush басылмасынын кабарчысы маалымдагандай, 25 жаштагы Мария кыргыз тилинде эркин сүйлөйт. Анын арты менен жумушунда дагы ийгиликтерге жетишет.

«Менин ата-энемдин улуту орус. Кошуналардын бары кыргыз болгондуктан биздин үй-бүлө кыргыз тилинде эркин сүйлөйт. Айылдагы мектепти аяктагандан кийин Ысык-Көл мамлекеттик университетинин кыргыз филология факультетине кабыл алынып, ийгиликтүү аяктадым. Кыргыз тилин жакшы белгиниме байланыштуу мени жергиликтүү телеканалга диктор болуп иштөөгө чакырышты. Мен каршы болгон жокмун, тескерисинче абдан кубандым. Көпчүлүк көрүүчүлөр менин кыргыз тилинде эркин сүйлөгөнүмдү баалашат», - деди Мария.

Мариянын өзгөчөлүктөрүн байкап, аны Кыргызстандагы алдыңкы ЖМКлардын бирине иштөөгө чакырышкан.

«Өлкөдөгү алдыңкы ЖМКнын биринде аймактык кабарчы болуп көп иштедим. Жаңы досторду таптым, кыргыз тилин дагы тереңдеп үйрөндүм. Апам дагы менин кыргыз тилин мыкты билгенимди баалайт, мени менен сыймыктанышат. Учурда мен Бишкекте жашап, иштейм», - дейт ал.

Мариянын досторунун көпчүлүгү кыргыз жана ал кыргыз элинин салттарын да жакшы билет. Ал кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө салым кошкон акындардын, актерлордун, манасчылардын чыгармачылыктарын жогору баалайт.

«Кээде тааныш эмес адамдар мага орус тилинде кайрылышат. Бирок мен кыргыз тилинде жооп берсем таң калып, кантип жана качан үйрөнгөнүмдү сурап калышат. Мен үчүн кыргыз тили өз тилимдей эле болуп калды. Себеби кичинекейимден бери бул тилде сүйлөйм. Кээде кыргыз тилин билип туруп, кыргызча сүйлөбөгөн жаштарды көргөндө көңүлүм ооруйт. Кыргыз тили абдан бай. Улуу кыргыз жазуучуларынын чыгармалары дагы өзгөчө жазылган», - деди Мария.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×