Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 03.01.2017 10:06

Айыл турмушу: Жети-Өгүздөгү жубайлар Уланбек менен Анара 50 миң сомдук эмеректерди жасашат (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районуна караштуу Желе-Дөбө айылынын тургуну Уланбек Асаналиев жана жубайы Анара Жумабаева 10 жылдан бери чакан ишкана иштетишет. Аймактык кабарчы ишкер жубайлардан кабар алды.

У.Асаналиевдин айтымында, айыл жергесинде жумуш жок болгондуктан цех ачкан. Алгач бирин-экин сандык жасаса, кийин суроо-талап арбын болуп, жыгачтан үй тиричиликке керектүү буюмдарды жасай баштаган. Цехте жай айларында жергиликтүү тургундар да иштеп, каражат таап алышат.

Жубайы Анара эмеректерге керектүү жабдууларды тигет. Келген буюртмаларды 3 күндөн 10 күнгө чейин жасашат. Буюртмаларды башка айылдардан да алышат.

Жубайлар жасаган буюмдар 5 миң сомдон 50 миң сомго чейин бааланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×