Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 04.01.2017 16:09

Айыл турмушу: Жети-өгүздүк ишкер кооператив түзүп, 300 топоз, 100 жылкы, 200дөй кой багууда (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Жеңиш айылынын тургуну Эмил Асаналиев кооператив ачып, 300 топоз багууда. Turmush басылмасынын кабарчысы элеттик ишкердин иши менен таанышып келди.

Ал ишкердикти 2005-жылдан бери өнүктүрүп келет. «Эмил» деп өз атынан ачкан кооперативинде учурда 300 баш топоз, 100 жылкы 200дөн ашуун кой багылууда. Элеттик ишкер алгач чарбасын түптөгөн жылдары топоздун баласын алып келип, бир жыл айылга сыноо үчүн багып көргөн. Аны айылда багууга боло турганын билгенден кийин ишин кеңейтүүнү чечкен.

Ишкердин айтымында, базарда бир топоз 30 миң сомдон 50 миң сомго чейин бааланат. Ага чет элдиктер дагы көп кайрылат. Мындан тышкары, ал чарбасында үй канаттууларды да багат. Үндүктөр менен каздарын кышкысын 400 сомдон жогору баада сатат.

Чарбасына 4 малчыны үй-бүлөсү менен ишке алып, аларга айлык маяналарын төлөп берүүдө. Топоз багуунун сырларын мыкты билген элет тургуну ар жылы Курман айт майрамында курмандыкка топоз чалып, этин айылдагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратат.

Мал чарбасы менен жеке ишкердикти баштоону каалаган жаштар Э.Асаналиевден кеңеш сурашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×