Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 05.01.2017 09:26

Айыл турмушу: Жети-өгүздүк багбан 60 сотых жерге алманын 12, өрүктүн 3 сортун өстүрүүдө

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Жаргылчак айыл аймагынын тургуну Мирзат Бактыбек уулу 60 сотых жерге алманын 12 сортун, өрүктүн 3 сортун өстүрүүдө.

Багбандын айтымында, 60 сотых жерди ал мындан 2 жыл мурун алып, иштетип баштаган.

«Биринчи жылы кыйынчылыктар көп эле болду. Суунун жоктугунан улам көчөттөрдү суу ташып келип сугарып жүрдүк. Былтыркы жаздан баштап жер астынан суу чыгартып алып, суу маселеси чечилди. Азыр көчөттөр эки жылдык болуп калды. Мында алманын 12 сорту, өрүктүн 3 сорту бар. Бул көчөттөрдөн буюрса 3 жылдан кийин түшүм ала баштайбыз», - деди М.Бактыбек уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×