Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 09.01.2017 12:22 На русском

Айыл турмушу: Жети-өгүздүк ишкер айым 250 тонна мөмө-жемиш сактоочу жай ачты

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылында жашаган ишкер айым Кайыргүл Узакова 250 тонна мөмө-жемиш сактоочу жай ачты. Бул тууралуу аталган айыл аймактан маалымдашты.

Маалыматка караганда, ишкер айым айылдагы эски кампаны сатып алып, «Аялдардын ишкерчилигин өнүктүрүү» долбоору аркылуу насыя алган. Ал каражатка муздаткычы менен мөмө-жемиш сактоочу жай орнотту. Эми айыл аймактагы багбандар келишимдик негизде 250 тоннага чейин өстүргөн продукцияларын бул кампада сактай алышат.

Адистер ар кандай сорттогу мөмө-жемиштерди сактоонун эрежесин, муздаткычтын ар кайсы камераларындагы абанын температурасын жөнгө салуу менен так сакташат.

«Алманын ранет сорту 1-2 градус жылуулукта жакшы сакталат, рашида сорту 0дөн +1 градуста жакшы сакталат. Албетте, арасында жарабай калгандары болот. Бирок алмалардын жарабай калган учурлары табигый ченемден ашык болбойт», - дешет адистер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×