Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 09.01.2017 16:34 На русском

Ысык-Көлдө ЖК депутатынын туугандарына таандык мейманкананы өрттөөгө шектелген жаран РИИБдин имаратында асынып алды

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айылында белгисиз жарандар мейманкананы өрттөп кетишти. Turmush басылмасына маалым болгондой, шектүү жаран катары жергиликтүү тургун кармалып, РИИБге жеткирилген.

Шектүүнү жергиликтүү тургундар өздөрү кармап, милиция кызматкерлерин чакырышкан. Бир нече убакыт өткөндөн кийин шектүү делген жаран РИИБдин имаратында асынып каза болгон. Өрттөлгөн мейманкана Жогорку Кеңештеги депутаттын бир тууганына тийиштүү болгон.

Мейманкананын ээлери өрттөө фактысы экинчи жолу кайталанып жатканын белгилешти. Алар мындай көрүнүш жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого байланыштуу буюртма болушу мүмкүн деген пикирде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×