Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 18.01.2017 10:54 На русском

Жети-Өгүздө балык уулап чыккан 2 жигит сууга чөгүп кетти

Turmush -  Кечээ, 16-январда Жети-Өгүз районунда желим кайык менен балык уулоого чыккан 2 адам сууга чөгүп кетти.

Аймактык кабарчыга маалым болгондой, райондогу Чычкан айылында 1997-жылы жана 1987-жылы туулган жигиттер Ысык-Көлгө балык уулаганы чыгышкан. Алар балык уулап жүргөн учурда кайык менен кошо сууга чөгүп кетишкен.

Сууга чөккөндөрдүн денелерин ӨКМдин облустагы куткаруучулары издеп жатышат. Ошондой эле, аларга жергиликтүү тургундар жардам көрсөтүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×