Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 18.01.2017 11:43 На русском

Айыл турмушу: 28 жаштагы ишкер С.Касымалиев өзү тиккен бут кийимдерди 2 миң сомдон сатууда (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айылынын 28 жаштагы тургуну Самат Касымалиев бут кийимдин түрүн тигет. Turmush басылмасынын кабарчысы элеттик ишкердин иши менен таанышып келди.

С.Касымалиев буга чейин борбордогу бут кийим тигүүчү ишканада иштеп келген. Айылда чакан ишкана ачууну пландап, эми аны жаңыдан ишке ашырууда. Бут кийим тигүүгө керектүү материалдарды борбордон жана Кытай, Түркия өңдүү мамлекеттерден алып келет. Учурда бир туугандары менен бирге бут кийим тигүү менен алектенүүдө.

Жаш ишкер Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан 500 миң сом грант түрүндө каражат алып, ага бут кийим тигүүчү станокторду сатып алган. Эми балдардын жана чоңдордун үйдүн ичине кийүүчү бут кийимдерин тигип баштады. Бут кийимдердин баасы 2 миң сомдон жогору. Себеби, бул кийимдер сапаттуу материалдан жасалат. Мындан улам ага буюртма бергендердин саны көбөйүүдө. Жаш ишкер учурда 4 кишини иш менен камсыздады. Келечекте ири ишкана ачып, улуттук бут кийимдерди чыгарууга аракет кылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×