Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 19.01.2017 10:48

Жети-Өгүздө кайык менен кошо көлгө чөгүп кеткен жигиттердин денеси табыла элек

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Жеңиш айылында балык уулап жүрүп сууга чөгүп кеткен таяке-жээн табыла элек, деп билдирди ӨКМ.

Белгилүү болгондой, 16-январда саат 19:00 чамасында балык уулоо үчүн чыккан жаш жигиттер кайык менен кошо сууга чөгүп кетишкен. Алардын денесин издөө иштерин 10дон ашык куткаруучу, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар жүргүзүп жатат. Издөө иштери бүгүн, 19-январда дагы улантылат.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, алардын желим кайыгы суудан табылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×