Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 19.01.2017 12:15 На русском

Ысык-Көлдө балык уулап жүрүп чөгүп кеткен жигиттердин кыйкырыгын уккандар болгон

Turmush -  16-январда Ысык-Көлдө балык уулап жүрүп сууга чөгүп кеткен  жигиттердин жардам сурап кыйкырганын уккандар болгон. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын 1987-жылы туулган тургуну А.Т. менен Жеңиш айылынын 1997-жылы туулган тургуну Ж.Э. кечки саат 19:00 чамасында көлгө балык уулоого барышкан.

Саат 22:00 чамасында Жеңиш айылынын тургуну А.Абдрахманов көл жээктен «жардамга» деген үндөрдү угуп, кошунасы экөө көл жээкке келген. Алар кайык менен 200 метр жерге чейин сүзүп барышкан. Бирок жигиттерди таппай калышкан.

Сууга чөккөндөрдүн денесин издөө иштери бүгүн, 19-январда улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×