Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 22.01.2017 16:58 На русском

Жети-Өгүздө 6 күндөн бери изделип жаткан экинчи балыкчынын денеси табылды

Turmush -  Жети-Өгүз районунда балык уулаганы кеткен боюнча дайынсыз жоголуп жаткан 29 жаштагы Тыныбек уулу Тойчубектин денеси табылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

1

Суучулдар денени бүгүн, 22-январда саат 16:15 чамасында Ысык-Көлдүн жээгинен 3-4 чакырымдан 30 метр тереңдиктен алып чыгышкан. Балыкчылар ушул аймакка тор салган деп болжолдонууда. Издөө иштерине ӨКМдин Каракол шаарындагы башкармалыгынын куткаруучулары, Бишкектен чакырылган суучулдар жана жергиликтүү тургундар катышты.

Тойчубектин артында кош бойлуу жубайы жана 2 уулу калды. Балдарынын улуусу даярдоо классынан билим алып жатса, экинчиси 5 жашта.

Мурда маалымдалгандай, Жети-Өгүз районунун Саруу айылында жашап жаткан Т.Тыныбек уулу 16-январда саат 19:00 чамасында 1997-жылы туулган тууганы Эрмек (Жеңиш айылынын тургуну) менен бирге көлгө балык уулоо максатында чыгып кетишкен. Алардын кайыгы кийинки күнү суудан табылган. Эрмектин денесин суучулдар 19-январь күнү 30 метр тереңдиктен таап чыгышкан.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, жигиттердин жардам сурап кыйкырганын уккандар болгон.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×