Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 23.01.2017 10:26 На русском

Айыл турмушу: Жети-өгүздүк ашпозчу Г.Акимканова 15 жылдан бери окуучуларга түрдүү тамактарды жасайт (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Жеңиш айылынын тургуну Гүлкайыр Акимканова көп жылдан бери ашпозчу болуп эмгектенип келет. Ашпозчунун иши менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышып келди.

Г.Акимканова мектепти аяктагандан кийин Каракол шаарындагы ашпозчулук окуу жайына тапшырган. Андан соң, Кичи-Жаргылчак айылына келин болуп келип, Т.Мурзабеков атындагы мектепте ашпозчу болуп иштеп баштаган. Быйыл анын бул жерде иштегенине 15 жылдын жүзү болду.

Ал окуучулардын экинчи апасы болуп калган. Окуучулар күн сайын анын жасаган таттуу нандарын, даамдуу тамактарын чыдамсыздык менен күтүшөт.

«189 окуучуга күн сайын витаминдерге бай тамактарды жасап берүүгө аракет кылам. Себеби, жаш балдардын ден соолугу чын болушу үчүн күчтүү тамактарды ичиши керек», - дейт ашпозчу.

Ал жолдошу Казыбек Байбураев менен бирге 4 баланы тарбиялашкан. Учурда Г.Акимканова 2 келинине ашканада түрдүү тамактарды жасоонун сырларын үйрөтүп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×