Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 23.01.2017 11:28

Барскоондо эркин күрөш боюнча мелдеш өттү (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында эркин күрөш боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Уюштуруучулардын айтымында, облустук деңгээлде өткөн мелдеш Барскоон айылынын тургундары, маркум Э.Кендирбаев жана Д.Чынгышевдин жаркын элесине арналды.

Э.Кендирбаев 1890-1937-жылдары жашап өткөн инсан болгон. Ал айылдын өнүгүшүнө салым кошкон. Ал соттун имаратын, кийин Барскоон айылындагы мектеп-интернатын, Тамга айылындагы оорукананын имаратын салдырган.

Ал эми Д.Чынгышев 25 жыл укук коргоо органдарында, 13 жыл билим берүү тармагында эмгектенип, бир катар студенттерге билим берген.

Мелдеш бул адамдардын жаркын элесине арналып өткөрүлүп, облустан 14 команда келип, 250 спортчу катышты. Соңунда жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга уюштуруучулар тарабынан кубок, медалдар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×