Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 08.02.2017 09:53 На русском

Жети-Өгүздө жол кырсыгынан окуучу эже-сиңди жабыркап, биринин бети 10 жерден тигилди (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Липенка айылында «Жигули» үлгүсүндөгү унаалар кагышып, эки окуучу кыз ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Белгилүү болгондой, 7-февралда облустук ооруканага 13 жана 14 жаштагы К.А жана К.О келип түшкөн. Биринчи жабырлануучу кыздын баш мээси чайкалып, чекеси сыйрылганын дарыгерлер аныкташкан. Ал эми, экинчи окуучунун сол бети тилингендиктен 10 жерден тигилди.

Эже-сиңдинин айтымында, алар күн сайын коңшу Липенка айылындагы мектепке барышат.

«Биз жашаган Ичке-Булуң айылында орус тилдүү класстар жок болгонуна байланыштуу күн сайын Липенка айылындагы мектепке барабыз. Кезек менен бизди атам же бирге окуган классташтарыбыздын аталары жеткирип турушат. Бул жолу атамдын кезеги болчу, биз айылдан саат 07:00дө чыкканбыз. Бул убакта күн чыга элек, караңгы болчу. Кетип баратканыбызда алдыбыздан унаа чыгып, биздин унаа менен сүзүштү», - дешти алар.

Жол кырсыгынан экинчи унаадагы жүргүнчүлөр, айдоочулар дагы жаракат алышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×