Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 09.02.2017 09:21

Жети-өгүздүк китепканачы Ж.Шамырканова окуучулардын кыялын «сыр сандык» менен орундатат (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айылынын тургуну Жибек Шамырканова 20 жылдан бери айылдагы Д.Иманов атындагы мектепте китепканачы болуп эмгектенет. Китепканачы менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча мугалим. Окуучуларды китеп окууга кызыктыруу максатында болгон аракетин жасаган. Китепканада окуучулардын "сыр сандыкка" салынган каттарын окуп, анын негизинде тиешелүү адабияттарды алып келүүгө аракет жасайт. Учурда китепканасында жалпы 10 миңден ашык китеп бар.

«Адабиятка кызыгып, "сыр сандыкка" кат жазган ар бир окуучунун ойлорун окуйм. Андан соң долбоор жазып, демөөрчүлөрдү издейм», - деди китепканачы.

Ж.Шамыркулова учурда 3 баланын энеси. Балдарын ар дайым китеп окууга үндөп, күн сайын кечинде китеп окуп берет. Ошондой эле, ал келечекте ири китепкана ачууну максат кылат.

«Китепканачы болуп эмгектенип жүрүп бир катар китептерди окудум. Китеп — бул адам баласынын жан дүйнөсүнүн байлыгы», - деди ал.

Райондогу китепканачылар анын эмгегине баа берип, тажрыйба алмашуу үчүн китепканасына келип турушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×