Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 10.02.2017 09:43

Айыл турмушу: Жети-өгүздүк ишкер Э.Асаналиев чарбасында 200 топоз, 150 кой багат (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Жеӊиш айылындагы жеке ишкер 18 жылдан бери топоз кармайт. Бул тууралуу Жеӊиш айыл өкмөтүнөн маалымдашты.

Маалыматка караганда, элеттик жеке ишкер Эмил Асаналиев 1998-жылдан бери топоз багат. Бул убакыттан бери ал топоз багуунун сырын жакшы өздөштүрүп, алардын санын 200гө чейин көбөйткөн. Учурда калкты таза эт азыгы менен камсыз кылууда.

Э.Асаналиевдин чарбасында топоздордон тышкары 70 баш уй, 150 баш кой, бир үйүр жылкы бар. Жеке ишкер өз үй-бүлөсүнүн колдоосу менен ушунча малды багып, айылдаштарын да жумуш орду менен камсыз кылат. Алардын бири топоз бакса, бири уй, кой, жылкы багат. Мал чарбанын кызматкери Көлбайдын айтымында, топоз багып иштегенине 20 жылдын жүзү болду.

«Учурда Эмил Асаналиевдин жеке чарбасында иштейм. Сыртта кыштообуз бар. Жыл сайын ошондо мал кармачубуз. Быйыл жайкысын элдин малы жайлап, жайытта тоют жок калды. Ошондуктан айыл четиндеги кашарда багууга туура келди. Топоз багуунун оӊой жагы тоютту алар өздөрү таап жегенинде. Күндүз жана түнкүсү да талаада болушат. Суукка чыдамдуу, музоолору тыӊ болот. Бирок, топоз бакканда жайыт издеп көчүп жүрүүгө туура келет.

Эки жыл сайын букаларын алмаштырып турабыз, антпесе тукуму кичирейип кетет. Букаларды Ат-Башыдан, Тоӊдон алмаштырып келебиз. Топоздор көп оорубайт. Ооруса көп жылдык тажрыйба менен өзүм дарылап алам. Ушуларды багып, убагында эмгек акы алып, үй-бүлөбүз менен эч нерседен кем болбой жашап жатабыз», - деди Көлбай.

1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×