Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 20.02.2017 09:03

Айыл турмушу: Жети-өгүздүк А.Умралиев 35 жылдан бери көгүчкөндүн түрүн багат (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районундагы Покровка айылынын тургуну Абатай Умралиев 35 жылдан бери көгүчкөндөрдүн түрүн багып келет.

Өзүнүн айтымында, көгүчкөн багуу хоббиси. Алгачкы көгүчкөнүн 6 жашында баккан.

«Мен көгүчкөндөрдү сатууга же башка бизнес үчүн багып өстүрбөйм. Жөн гана кызыгып багам. Өзүңөр көргөндөй бул көгүчкөндөр үчүн атайын бөлмө кургам. Азыр менде 10 жуп көгүчкөн бар. Кыргызстандын кара жук, өзбекстандык капкан, чин, гүлзар, соч деген породалары бар. Учурда айрымдары балапан басып жатышат. Жуптар бири-бирине алмашып кетпейт. Биринин уясына бири кирбейт. Ага эркектери жол бербейт. Булар бул жагынан өтө тартиптүү.

Көгүчкөндөр 18-20 жашка чейин жашай алышат. Бирок, көпчүлүгү 10 жаштан кийин эле өлүп калышат. Карыган көгүчкөндөрдүн тумшуктары жооноюп, баскан-турганы жай болуп калат. Көгүчкөндөрдүн табигый сыры чоң. Аны аңдап билиш үчүн 10 жылдап багыш керек», - деди ал.

Каарманыбыз 3 уул, 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×