Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 22.02.2017 09:38

Айыл турмушу: Жети-өгүздүк Б.Сартов эреже бузган айдоочуларды тартипке салуунун жолун тапты (видео)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Жеңиш айылынын 65 жаштагы тургуну Бекман Сартов 48 жылдан бери айдоочу болуп эмгектенет. Унаанын тетиктерин өзү оңдогон ардагер айдоочу учурда Жети-Өгүз районундагы ишканада механизатор болуп эмгектенет. Ал жерде иштеген 50 айдоочуга насаатчы да болуп калган.

Б.Сартов ишти таң эртелеп баштап, жаш айдоочуларга жол эрежелерин үйрөтөт. Ал борбордон 80 сааттык окуудан өткөн. Мындан тышкары, үлгүлүү жана эреже бузган айдоочулардын сүрөтүн маалымат тактага илип, айдоочуларга эскертүү жасайт. Ал СССР маалындагыдай катуу тартип, ыкма менен иштегени үчүн райондо сый-урматка татыган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×