Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 23.02.2017 10:46

Айыл турмушу: Жети-өгүздүк ишкер айым кыямдын түрүн чыгаруучу ишкана ачат (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Боз-Бешик айылынын тургуну Кымка Сүйүнбаева кыямдын түрүн чыгаруучу өндүрүш ишканасын ачууну пландоодо.

К.Сүйүнбаева мындан 10 жыл мурда айылда «Табият даамы» деген аталышта чакан топ түзүп, кыям жасап баштаган. Ал бөрү карагаттан, ит мурундан, чычырканактан кыям жасайт. Элеттеги 4 аялды иш менен камсыз кылган. Жасаган кыямдарды шаардагы конок үйлөргө, дүкөндөргө сатып өткөрөт. Мындан тышкары, чет элдик эс алуучулар дагы сатып алышат. Колго жасалган кыям витаминдерге бай жана баасы ыңгайлуу.

Учурда К.Сүйүнбаева жаңы жабдуулар менен кыям жасоого белсенүүдө. Анын бул планы ишке ашырылса бир катар тургундар иш менен камсыз болот. Бул максатты ишке ашыруу үчүн элеттик ишкер айым чет элдик демөөрчүлөргө долбоор жазуу менен алектенүүдө.

Ал мындан тышкары Оргочор айылында кол өнөрчүлүк менен алектенүүчү «Жылуу меринос» ишканасын ачып, 5 аялды иш менен камсыз кылган. Аталган ишканадагы тигүүчүлөр кыздарга сеп даярдашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×