Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 10.04.2017 09:43

Жети-Өгүздө эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр арасында республикалык турнир өттү (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында Данияр Токтомушев атындагы спорт ордосунда эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр арасында 3-республикалык турнир болуп өттү.

Спорт ордонун жетекчиси Бактияр Токтомушевдин айтымында, турнирге 200гө жакын өспүрүм катышып, анда 24 килограмм салмактан 63 килограмм салмакка чейинки балдар күрөштү.

Иш-чараны Д.Токтомушевдин бир туугандары, Кызыл-Суу айыл өкмөтү жана Ысык-Көл облустук спорт бөлүмү уюштурду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×