Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 12.04.2017 18:33 На русском

Кумтөр кенинин 29 жаштагы кызматкери жумуш учурунда каза болду (фото)

Turmush -  Кечээ, 11-апрелде Ысык-Көл облусундагы Кумтөр кенинде эмгектенген 29 жаштагы Улан Байтиков жумуш учурунда каза болду.

Жети-Өгүз райондук администрациясынан билдиришкендей, окуя саат 15:30-16:10 чамасында болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, аны кен казуу иштерине колдонулуучу атайын техника басып калган.

Жети-Өгүздүн Тамга айылында жашаган У.Байтиков «Кумтөр» ишканасында 2009-жылдын 6-апрелинен бери иштечү. Ал оор техникаларды оңдоо боюнча темир уста болгон. Артында эки баласы калды.

Учурда аталган факты боюнча РИИБде тергөө иштери жүрүүдө.

Ошондой эле, Жалал-Абаддагы Чаткал районунда Vertex Gold Company компаниясынын кызматкери каза болгону маалымдалган.

Turmush басылмасына белгилүү болгондой, Чаткал районунун Айгыржал айылынын тургуну Адылбек Бекимбетовду 10-апрель күнү таш басып калган. Ал бүгүн, 12-апрелде акыркы сапарга узатылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×