Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 24.04.2017 11:17

Ысык-Көлдө айылдашынын малын уурдогоо шектүү жигиттер кармалды

Turmush -  Ысык-Көл облусунда мал уурулукка шектүү адамдар кармалышты. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жети-Өгүз РИИБге Саруу айылынын эки тургуну арыз менен кайрылып, 5-апрелде белгисиз адамдар мал сарайынан 2 баш коюн уурдап кеткендигин билдиришкен. Аталган фактылар боюнча райондук милициянын тергөө кызматы тарабынан КЖКнын 165-беренеси (Мал уурдоо) менен кылмыш иши козголуп, материалдык зыян 11 миң сомду түзгөндүгү аныкталган.  Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Ысык-Көл ОИИБдин кылмыш издөө бөлүмүнүн жана Жети-Өгүз РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү болгон адамдар аныкталып, колго түшүрүлдү. Алар жабырлануучу адамдардын айылдаштары 18 жаштагы Б.Бахтяир жана 16 жаштагы Б. уулу Канаттар болуп чыгышты. Шектүү катары кармалышкан адамдар өздөрүнүн күнөөлөрүн моюндарына алышып, жашаган жеринен эч жакка кетпөө тил катында калтырылышты.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×