Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 28.04.2017 09:43

Жети-Өгүздүн окуучулары облустук VI Манасиаданын жеӊүүчүсү болду

Turmush -  Жети-Өгүз районунун окуучулары облустук VI Манасиадада жеӊүүчү болушту. Бул тууралуу райондук спорт жана дене тарбия бөлүмүнөн маалымдашты.

Маалыматка караганда, VI Манасиадага облустун Ак-Суу, Түп, Ысык-Көл, Тоӊ райондорунун жана Балыкчы, Каракол шаарларынын жаш спортчулары катышты. Алар «Манастын урпактары - дени сак улут» деген ураандын астында өткөн баскетбол, волейбол, стол тенниси, шахмат, тогуз коргоол боюнча мелдештерде күч сынашты. Анда Жети-Өгүз районунун окуучулары 121 упай топтошуп, 1-орунду жеӊип алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×