Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 24.05.2017 17:20

Жети-Өгүздө кол күрөш боюнча турнир өткөрүлдү (фото)

Turmush -  Кечээ, 23-майда Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы борбордук стадиондо маркум Максат Шабданбеков менен Элнур Акуновдун жаркын элестерине арналган кол күрөш боюнча Ысык-Көл облусунун ачык турнири болуп өттү.

Уюштуруучулардын айтымында, иш-чарага акимдин орун басары Рахат Исакова катышып, облустун район-шаарларынан келген оюнчуларга ийгилик каалады.

Чоңдор арасында өткөрүлгөн мелдеште кыздар 60-65 килограмм салмакта күч сынашса, мырзалар арасында мелдеш 60, 70, 80 килограмм салмак боюнча жүргүзүлдү. Жеңүүчүлөргө маркум балдардын классташтары жана ата-энелери тарабынан акчалай сыйлыктар, дипломдор тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×