Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 05.06.2017 12:12

Жети-Өгүздө теректи сүзгөн айдоочу мерт кетти

Turmush -  Жети-Өгүз районунда адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы катталды.

Маалым болгондой, бүгүн, 5-июнда болжол менен саат 07:10 чамасында Балыкчы—Бөкөнбаев—Каракол унаа жолунун Балтабай жана Конкино айылдарынын ортосундагы 217-чакырымында жол кырсыгы катталган. «Фольксваген Гольф 3» унаасынын айдоочусу — Каракол шаарынын 1984-жылы туулган тургуну И.М. рулду башкара албай, жолдун боюндагы теректи сүзгөн. Анын кесепетинен айдоочу оор жаракат алып, окуя болгон жерде каза болгон.

Унаада айдоочу жалгыз Караколдон Жети-Өгүз районун көздөй бара жаткан. Учурда соттук-техникалык экспертиза дайындалып, Жети-Өгүз РИИБ тергөө иштерин жүргүзүүдө.

82

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×