Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 04.07.2017 13:14

Жети-Өгүздүн Барскоон айылында жол кырсыктан 22 жаштагы жигит каза болуп, 8 адам ооруканада

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында жол кырсыктан улам 22 жаштагы тургун каза болуп, 8 адам ооруканага түштү. Маалым болгондой, жол кырсык 2-июлдан 3-июлга караган түнү катталган.

Барскоон айылынын 1996-жылы туулган тургуну Ж.Н. өзүнүн «Ауди 100» унаасы менен Ленин атындагы көчө тарапты көздөй бара жатып, ошол эле көчөдө 1995-жылы туулган И.Т. башкарып бара жаткан «УАЗ 469» унаасы менен бетме-бет кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен «Ауди 100» унаасында бара жаткан жүргүнчү — 1996-жылы туулган И.А. окуя болгон жерде каза болгон.

Мындан тышкары, эки айдоочу жана эки унаадагы 5 жүргүнчү райондук ооруканага жеткирилген. Дагы бир жүргүнчү Ысык-Көл облустук ооруканасына жеткирилген.

Жети-Өгүз РИИБ тарабынан техникалык, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, жол кырсыгынын себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×