Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 11.07.2017 13:20

Ысык-Көлдө 6 жаштагы баланы зордуктоого шектүү делип 3 жигит кармалды

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 6 жаштагы баланы зордуктоого шектүү делип 3 жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда АКИpress агенттигине өздүк булактар маалымдашты.

Маалыматка караганда, ушул жылдын апрель айында шектүүлөрдүн бири кошунасынын 6 жаштагы баласын момпосуй берип алдап, чоң энеси менен жашаган үйгө алып келип зордуктаган.

«Май айында ал эки досуна сунуштап, алар макул болгондон кийин баланы кайрадан алдап алып келип, үчөө күч колдонуу менен аны шылдыңга алышкан. Ушундай эле көрүнүш дагы бир жолу кайталангандан кийин бала ата-энесине айтып, алар милицияга кайрылышкан», - деп билдиришти.

Милиция бул кылмышка шектүү делген 16 жаштагы эки баланы жана 17 жаштагы бир жигитти кармашкан. Үчүнчүсү жайлоодо жашынып жүргөн.

Маалым болгондой, 3 жигит бул кылмышты мойнуна алып, окуя тууралуу айтып беришкен. Учурда алар камакка алынып, тергөө иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×