Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 21.07.2017 16:51

Жети-Өгүздөгү пансионатка апасы менен келген 29 жаштагы жигит дайынсыз болууда

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Тамга айылындагы пансионатта эс алып жүргөн 29 жаштагы жигит дайынсыз болууда.

Маалым болгондой, 1988-жылы туулган Түп районунун Талды-Суу айылынын тургуну Б.С. Жети-Өгүз районундагы пансионатка апасы менен келген. 19-июлдан бери дайынсыз болуп жаткан жигиттин көлгө чөккөнүн эч ким көргөн эмес.

Учурда куткаруучулар жана РИИБдин кызматкерлери дайынсыз жигитти издеп жатышат. ӨКМдин райондук бөлүмүнөн билдиришкендей, издөө иштерине 4 куткаруучу тартылган, бирок эч кандай жыйынтык чыга элек.

Буга чейин ӨКМдин басма сөз кызматы пансионатта эс алып жүргөн жаш жигит көлгө чөгүп кеткенин маалымдаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×