Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 23.07.2017 13:54

Жети-Өгүздө тоодон «Нива» кулап кетип, айдоочунун 6 жаштагы жалгыз уулу каза болду

Turmush -  Жети-Өгүз районунда тоодон «Нива» үлгүсүндөгү унаа кулап кетип, 6 жаштагы бала каза болду. Turmush басылмасынын кабарчысына РИИБдин Патрулдук милициясынын башчысы Т.Акматов билдиргендей, кечээ, 22-июлда саат 10:30 чамасында Үч-Булак жайлоосунан кымыз алып келе жаткан жолдон ташка урунган унаа тоодон кулап кеткен. Унаанын ичинде айдоочу — Жети-Өгүздүн 1982-жылы туулган тургуну М.Т., анын келинчеги жана 6 жаштагы уулу бар болчу.

Катуу жаракат алган 6 жаштагы Д.Б. көп узабай көз жумган. Жеңил жаракат алган жубайларга облустук оорукананын дарыгерлери жардам көрсөткөн.

Айылдаштарынын айтымында, Д.Б. жубайлардын көп жылдан бери күтүп жүрүп төрөлгөн жалгыз уулу болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×