Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 01.08.2017 14:25

Жети-Өгүздө унаалар сүзүшүп, 1 жаштагы кыз көз жумду

Turmush -  Жети-Өгүз районунун аймагында эки унаанын катышуусундагы жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен 1 жаштагы кыз каза тапты. Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсык Каракол—Балыкчы—Бөкөнбаев унаа жолунун 207-чакырымында болуп, 4 адам ооруканага жаткырылган.

Аймактык кабарчынын билдирүүсү бонча, «Хонда Фит» унаасы менен «Ауди 100» үлгүсүндөгү унаалар Оргочор айылында сүзүшкөн. Каза болгон кыз Жети-Өгүздөгү Тилекмат айылынын тургуну экени айтылууда.

РИИБдин Патрулдук милициясы учурда бул окуя боюнча тактоо иштери жүрүп жатканын билдирди.  

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×