Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 03.08.2017 12:55

Жети-Өгүздө Барскоон айылынын тарыхы жөнүндө тасма тартылып жатат

Turmush -  Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылынын тарыхы жөнүндө тасма тартылууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Барскоон айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, Барскоон айылынын тарыхы, элге кызмат кылган айылдан чыккан белгилүү инсандар жөнүндө даректүү тасма тартылып жатат. Буга чейин айыл активисттери тарабынан «Ханнс Зайдель» программасынын алкагында долбоор жазылып, видеокамера алынган.

Бул тасма улуу муундагылардын өмүр жолу, иши аркылуу жаштарды мекенчилдикке, ыймандуулукка тарбиялап, тарыхты, өткөндү эстеринен чыгарбай жүрүүгө чакырат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×