Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 04.08.2017 08:20 На русском

Жети-Өгүздө 10 жаштагы балага ыплас аракеттерди жасаган жигит кармалды

Turmush -  Жети-Өгүз районунда милиция кызматкерлери өспүрүмгө карата ыплас аракеттерди жасоо фактысын аныкташты.

Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө 2-август күнү Барскоон айылынын 26 жаштагы тургуну К.М. 10 жашар айылдашына ыплас аракеттерди жасаганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул маалымат  боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп, окуяга тиешелүү болгон адамдардын өздүгү аныкталган.

Жабырлануучу өспүрүмдүн ата-энесинин айтымында, ошол күнү баланын атасы айылдашы К.М.ны талаадагы айдоо аянтын сугарууга жардамга чакырган. Ал кечки саат болжол менен 21:00 чамасында үйүнө бара жатканда унаанын дөңгөлөгү жарылып, аны оңдоого айылга кеткен. Ошол учурда К.М. айылдашынын үйүнө барып, атасына тиешелүү резина ѳтүгүн алып кетсин деген шылтоо менен 10 жашар баланы энесинен сурап, үйүнѳн чакырып чыккан. Жолдо бара жатканда баланы ээн талаага алып барып, күч колдонуп ыплас аракеттерди жасап жатканда жабырлануучунун апасы менен эжеси көрүп калган. Алар кѳп убакыт кечиккен уулун издеп чыгышкан. Аларды көргөн К.М. качып кеткенге жетишкен. 

Бул факты боюнча өспүрүмдүн ата-энеси арыз жазуудан баш тартышкан. Бирок, кылмышты жазасыз калтырбоо жана мындай кылмыштарды алдын алуу максатында Жети-Ѳгүз РИИБдин тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 133-беренесинин 3-бөлүмү (жаш балдарга ыплас аракеттерди жасоо) менен кылмыш иш козголду. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×