Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 04.08.2017 15:50

Жети-Өгүздө 7 айда 10 адам унаа кырсыктан мерт болду

Turmush -  Жети-Өгүз районунда 2017-жылдын 7 айында жол кырсыктардан 10 адам каза болду.

Жети-Өгүз райондук Патрулдук милиция бөлүмүнүн башчысы Т.Акматовдун айтымында, 7 ай аралыгында жолдо жүрүү эрежеси бузулган 2101 учур катталган. Жалпы 61 адам жаракат алып, 10 адам мерт болгон. Каза болгондордун бири, жаракат алгандардын 15и өспүрүмдөр.

Мас абалында 53 айдоочу унаа башкарган. Көрсөтүлгөн убакытта мамлекетке 1 млн 275 миң 600 сом айып пул өндүрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×