Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 04.08.2017 17:20 Жаңыланды: 04.08.2017 18:25 На русском

Фото - Жети-Өгүздө 5 баласы менен бара жаткан жубайлардын унаасы «Фольксваген» менен сүзүштү

Turmush -  Бүгүн, 4-августта саат 16:00 чамасында Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол унаа жолунун 155-чакырымында эки унаа сүзүшүп, жаш балдар жаракат алышты. Унаалардын биринде жубайлар 5 баласы менен бара жаткан.

Turmush басылмасына Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, «Фольксваген» (универсал) унаасын 1977-жылы төрөлгөн Бактыбек Сыдыков башкарып бара жаткан. Ал Нарындагы Кочкор районунун Кочкор айылында жашаган үй-бүлөсү — жубайы, 5 баласы менен бирге Каракол шаары тарапка бара жатышкан.

Ал эми, экинчи «Фольксваген» (седан) унаасынын айдоочусу — 1983-жылы туулган Кыялбек Баратканов Кичи-Жыргылчак айылынын тургуну. Учурда айдоочулар алкоголдук ичимдик ичкенин текшерүүчү адистерге жөнөтүлдү. Эки айдоочу тең бири-бирине доосу жок экенин айтышкан.

Күбөлөрдүн айтымында, биринчи унаадагы жубайлардын кызы кырсыктын кесепетинен талмасы кармаган. Учурда окуя боюнча тиешелүү органдардын өкүлдөрү иштеп, дарыгерлер жеңил жаракат алган балдарга жардам көрсөтүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×