Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 05.08.2017 11:54

Фото - Жети-Өгүздө «Фольксваген» унаалары кагышты

Turmush -  Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун аймагында жеңил унаалар сүзүштү. Аймактык кабарчы адамдар оор жаракат албаганын билдирди.

Окуя кечээ, 5-августта саат 16:30 чамасында Ырдык айыл аймагындагы Дыйшын айылында болуп, «Фольксваген Гольф II» менен «Фольксваген Бора» үлгүсүндөгү унаалар капталынан сүзүшкөн. Учурда кырсыктын чоо-жайын тиешелүү органдардын өкүлдөрү тактап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×