Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 14.08.2017 10:43

Жети-Өгүздө 6 айда 4 өспүрүм өз жанын кыйды

Turmush -  Жети-Өгүз районунда 6 ай ичинде 4 өспүрүм өз жанын кыйган. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Маалыматка караганда, райондо ушул жылдын 6 айында өспүрүмдөрдүн өз жанын кыюуга барган 4 учуру катталса, 3 өспүрүм өз жанын кыюуга аракет кылган.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунда өткөн жылдын 9 айында өспүрүмдөр арасында өз өмүрүнө кол салуу боюнча 8 факт катталган. Ошондой эле, ар түрдүү кылмыштарга катышкан 113 өспүрүм каттоого алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×