Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 21.08.2017 11:30

Ысык-Көлдө жол кырсыктан 3 адам каза болду, экөө Россиянын жараны (тизме)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында жол кырсыктан Россиянын эки жараны каза болду, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы укук коргоо органдарына шилтеме берүү менен.

Жол кырсык 19-августта болуп, 6 адам жабыр тарткан. Алардын экөө окуя болгон жерде каза болуп, дагы бири ооруканада көз жумду. Жабыркагандардын бары «Тойота Лэнд Крузер» үлгүсүндөгү унаада болушкан. Болжолдуу маалыматтар боюнча айдоочу катуу ылдамдыкта бара жатып, рулду башкара албай калган.

Жол кырсыктан каза болгондор жана жабыр тарткандар:

- Т.Тимур, 2005-жылы туулган, Санкт-Петербург (Россия) шаарынын тургуну, ооруканада каза болгон;

- Т.Людмила, 1970-жылы туулган, Санкт-Петербург (Россия) шаарынын тургуну, кырсык болгон жерде каза болгон;

- Т.Мария, 2001-жылы туулган, Санкт-Петербург шаарынын тургуну, ооруканада.

- Н.Евгений, 1968-жылы туулган, Россиянын жараны;

- Р.Аида, 1970-жылы туулган, Бишкек шаарынын тургуну, кырсык болгон жерде каза болгон;

- Р.Амалия, 2012-жылы туулган, Бишкек шаарынын тургуну, ооруканада.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×