Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 21.08.2017 13:47

Айыл турмушу: Ырдык айылындагы дунгандар жасаган уксузду жеке ишкер сатыкка чыгарды (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районуна караштуу Ырдык айылында отурукташкан дунган эли жасаган уксузду жергиликтүү ишкер Берат Касмакунов сатыкка чыгара баштады.

Б.Касмакуновдун айтымында, дунган уксусун даярдоо ыкмасы илгери сыр катары эч кимге айтылбай, атадан балага, энеден кызга гана айтылып жасалчу.

«Кытай жергесинде өзгөчө ыкма менен жасалган уксуз императордун дасторконуна гана коюлуп келген. Учурда унутта калып бара жаткан ыкма менен дунган уксузун Ырдык айылында гана даярдашат. Ал кадимки кыргыздын бозосундай даярдалат. Ырдык айылынын уксузун даамдаган адам аны дайыма эңсеп келет», - дейт ал.

Б.Касмакунов уксуздарды Бишкек шаарына алып келип сатат. Анын идишке куюлган бир даанасы 60 сомду түзөт.

«Башка жерде ушул эле ыкма менен жасалган уксуздар окшошпой калат. Бул айылдын суусуна дагы байланыштуубу деп ойлойм. Ошондуктан бул айылда гана жасалган уксуздарды сатабыз. Уксузду даярдоодо алар таза кийинип, намаз окуп, ойлорун тазалап анан жасашат. Антпесе ой толгоосу таза болбосо уксуз ачып кетет деген сөз бар», - деди ал.

Ишкер уксуздан тышкары, томат, майонез жана түрдүү ширелерди чыгарат.

Берат Касмакунов 1949-жылы туулган. Атасы жана агасы согуштун ардагерлери болгон. Кесиби боюнча химия сабагы боюнча мугалим. 3 кыз, 2 уулдун атасы.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×