Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 28.08.2017 10:01

Жанек баатырдын 200 жылдыгына арналган ат оюндарынын жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Тосор айылында өткөн «Эр Жанекке 200 жыл» аттуу мааракенин алкагында ат оюндары боюнча мелдештер өткөрүлдү. Жыйынтыгында көк бөрү, оодарыш оюндары боюнча байгелүү орундарды сырттан келген коноктор ээлеп кетишти.

Көк бөрү боюнча биринчи орунду Сокулуктан келген команда ээлесе, кийинки орундарга Сару айылынын, Түп, Ак-Суу райондорунун командалары ээ болушту.

Эр эңишке 3 салмак боюнча 35 балбан катышып, 75 килограмм боюнча 1-орунду Бузурманкул уулу Калыбек (Чүй), 2-орунду Ж.Турдубеков (Нарын), 3-орунду А.Ажибаев (Талас) ээлешсе, 90 килограмм салмак боюнча 1-орунду Бердибек уулу Ислам (Нарын), 2-орунду М.Алтымышов (Талас), 3-орунду А.Ибраимов (Чүй) ээледи. 90 килограммдан жогору салмакта 1-орунду К.Кыдыралиев (Талас), 2-орунду Т.Молдокулов (Чүй), 3-орунду М.Кулуев (Ош) ээлеп, байгелерге татыктуу болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×