Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 28.08.2017 13:56

Айыл турмушу: Тоңдук Т.Ишенбаев күн сайын ат менен 300 чакырым жол басып, токой кайтарат (фото)

Turmush -  Тоң районунун 49 жаштагы тургуну Талантбек Ишенбаев 20 жылдан бери токойчу болуп эмгектенип келет. Учурда Кажы-Сай токой кызматын жетектейт.

Т.Ишенбаевдин айтымында, ал СССРден калган «Жигули» унаасы менен айылдан 20 чакырымды басып келип, андан ары токойду кыдырууга ат минип жөнөйт. Ал күн сайын 300 чакырымга чейинки аралыкты басат.

«Токойду кайтарып, мыйзамсыз кыюуга жол бербеген адистерге атайын кийүүчү форма жана мылтык бериле элек. Айрым учурда карышкырга жем болуп кала жаздайбыз. Токойчулардын көйгөйлөрү көп», - дейт Т.Ишенбаев.

Токойчунун айтымында, ал кайтарган токой 13039 гектар жерди ээлейт, анын 6550 гектарын токой  аянттары түзөт.

«Ат минип 300 чакырымга чейин жолду басуу оңой эмес. Күндүн ысыгына, суугуна карабастан ат менен тоо аралап жүрүү бир четинен кооптуу. Бизде коргоно турган мылтык, атайын форма да жок», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×