Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 08.09.2017 13:09

Жети-Өгүздө 8 айдагы жол кырсыктан 14 адам каза болду

Turmush -  Жети-Өгүз районунда ушул жылдын 8 айында 42 жол кырсыгы катталды. Патрулдук милициянын райондук бөлүмүнүн маалыматына караганда, жол кырсыктардын кесепетинен 14 адам каза болуп, 95 адам ар кандай жаракат алган.

«Балдардын катышуусу менен 19 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 4 өспүрүм каза болуп, 28 бала жаракат алды. Жол кырсыктар жол кыймылынын эрежелерин сактабай, катуу ылдамдыкта жүргөн айдоочулардын күнөөсүнөн чыгууда», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×