Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 27.09.2017 11:47 Жаңыланды: 27.09.2017 13:21

Көлдө 47 жаштагы кишини өрттөп кетишти: Акыркы күнү кызынан 2 миң доллар алып, уулуна кат жазган

Turmush -  Жети-Өгүз районунда 47 жаштагы жергиликтүү тургунду өлтүрүп, андан кийин өрттөп кетишти. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы жеке булактар билдирди.

Маалыматка караганда, белгисиз адамдар жергиликтүү тургунду өлтүрүп, кылмыштын изин жашыруу максатында дөңгөлөктүн резинкасын башына кийгизип, өрттөп жиберген.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө каза болгон жаран Аң-Өстөн айылынын 47 жаштагы тургуну экендиги аныкталган. Анын денеси 21-сентябрда айылдын четинде көлдүн жээгинен табылып, анын белинен жогору жагы күйүк болгон. Аны жакындары аны таанып, уулу атасынын бутунда тырык бар экенин билдирген.

Каза болгон И.К. таксист болуп иштечү. Ал Дубайда эмгектенген кызына телефон чалып, 2 миң доллар салууну өтүнгөн. Кызы атасынын өтүнүчү менен башка аялдын атына акча салып, бул окуядан кийин атасы дайынсыз болуп кеткен. Ал эми 22-сентябрда баласы атасынан WhatsApp аркылуу кат алган. Анда: «Балам, мен шашылыш Алматага кеттим, үйдү барып бекитип кой. Бир айдан кийин келем», - деп жазылган.

Каза болгон жарандын жубайы ошол убакта Бишкекте болгон. Ал кафелердин бирин ижарага алып иштетет. Учурда аталган факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×