Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 23.10.2017 08:09

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк Ж.Сатыбалдиев 5 жылдан бери Россия жана Казакстандын базарларын алма менен камсыздайт (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын 38 жаштагы тургуну Жеңиш Сатыбалдиев Россиянын жана Казакстандын шаарларын экологиялык таза алма-алмурут менен камсыз кылат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Ж.Сатыбалдиевдин айтымында, ал 5 жылдан бери коңшу өлкөлөргө алма жеткирет.

«Кесибим боюнча эсепчимин. Бирок ал кесип менен жарым жыл гана иштедим. Андан кийин таксист болуп кошумча акча таап, Москва шаарында жана Казакстанда курулуш тармагында эмгектендим. Кыскасы үй-бүлөмдү багып, эл катары жашоо үчүн учурдун талабына ылайык соода тармагына келдим. 5 жылдан бери жай мезгилинен баштап кеч күзгө чейин Ысык-Көл облусунда өрүк, алма жана алмурут жыйноо менен алектенем. Биздин алма жана алмурут жыйноо пунктубуз бар. Алардын сортуна жараша баа коюлат. Бирок россиялыктар Ысык-Көлдүн апорт алмасын жана «токой сулуусу» болгон алмурутту жактырышат. Жергиликтүү тургундар кабыл алуу пунктуна мөмө-жемиштерин алып келип сатышат. Биз аларды таңгактап, чоң унааларга жүктөп алып жолго чыгабыз. Россия же Казакстанга барганда буйрутма берген адамдар товарды өткөрүп алып, акчасын төлөп беришет», - деди ал.

Анын айтымында, Жети-Өгүз районунда алманын 1 килограммын орточо 20-25 сомго сатып алышат.

«Эгер бизде мындай көп өлчөмдөгү мөмө-жемиштерди сактоочу жай болгондо, анда баалары жакшы болгонго чейин күтүп сатмакпыз. Бирок сактоочу жай жок болгондуктан алмаларды сатып алгандан кийин буйрутма бергендерге дароо жөнөтөбүз. Келечекте Россиянын жана Казакстандын бардык соода түйүндөрү Ысык-Көлдүн алмасына толушун каалайм», - деди ал.

Учурда ишкер жубайы экөө 1 кызды тарбиялап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×