Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 24.10.2017 00:52

Айыл турмушу: Жети-өгүздүк К.Сооронбаев эмерек жасоочу устакана ачып, 15 адамды жумуш менен камсыз кылды (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Дархан айылынын 40 жаштагы тургуну Канат Сооронбаев үй эмеректерин жасоочу устакана ачып, 15 адамды жумуш менен камсыз кылды. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Алгач эмеректерди өзүмдүн үйүмдүн жер төлөсүндө жасачумун. Бул ишти өз алдымча эле өздөштүргөм. Андан кийин устакана ачып, 3 адамды жумушка алдым. Биз ашканага, уктоочу бөлмөгө жана башкаларга эмеректерди жасап баштадык. Буйрутма бергендердин саны көбөйүп баштагандыктан устакананы кеңейтүүнү чечтим. Бүгүнкү күндө ал жерде 15 адам эмгектенет жана аларга убагы менен маяна берилет. Керектүү болгон каражаттарды Бишкек шаарынан алып келебиз. Биз эмеректердин сапатына өзгөчө көңүл бурабыз. Учурда дагы бир устакана ачууну пландап жатам», - деди ал.

Аталган айылдын башчысы М.Бейшеновдун айтымында, мындан тышкары К. Сооронбаев кайрымдуулук менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×