Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 08.11.2017 11:05

Ысык-Көлдө бир үй-бүлөдөн 5 адам жол кырсыкка кабылды (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунда жол кырсыктан 5 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, жол кырсык кечээ, 7-ноябрда саат 19:30 чамасында Жети-Өгүз – Каракол унаа жолунун 12-чакырымында катталып, «Мазда» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру S 81692 SA) унаа менен «Мерседес-Бенц-230» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру S 75-20 О) унаа кагылышкан.

Кырсыктын кесепетинен «Мерседес-Бенц-230» унаасындагы 5 адам жабыркады. Аларды тез жардам кызматы облустук ооруканага алып кетишкен. Turmush басылмасына белгилүү болгондой, жабыркаган 5 адам бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү.

Алар:

- 1970-жылы туулган А.Замирбек, Ак-Терек айылынын тургуну, травматология бөлүмүнө жеткирилген;

- 2005-жылы туулган А.Амина, окуя болгон жерде медициналык жардам көрсөтүлгөн;

- 2017-жылы туулган А.Жибек, окуя болгон жерде медициналык жардам көрсөтүлгөн;

- 2012-жылы туулган А.Мээржан, окуя болгон жерде медициналык жардам көрсөтүлгөн;

- 1984-жылы туулган Б.Бурул, окуя болгон жерде медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×