Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 11.11.2017 12:59

Инисине эстелик тургузууга келип, агасын өлтүргөн: 47 жаштагы кишини өрттөгөн жубайлар Кыргызстанга бериле элек

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Аң-Өстөн айылынын 47 жаштагы тургунун өлтүрүп, андан кийин өрттөп кетүүгө шектүү делип Казакстанда кармалган жабырлануучунун карындашы менен анын күйөөсү Кыргызстанга өткөрүлө элек. Бул тууралуу Turmush басылмасына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалым болгондой, шектүүлөр Кыргызстандын жана Казакстандын Ички иштер министрлигинин бирге жүргүзгөн тергөө иштеринин негизинде Түркияга учуп кетүүгө 2 саат калганда кармалышкан. Алар каза болгон адамга тиешелүү «Toyota Verso» үлгүсүндөгү унааны Бишкек шаарына катып коюп, милиция кызматкерлери тапкан болчу.

«Каза болгон адам таксинин айдоочусу болуп эмгектенип жаткан. Анын 4 бир тууганы болгон. 1984-жылы туулган карындашы күйөөсү менен Түркияда жашачу. Бир нече жыл мурун маркумдун жалгыз иниси жол кырсыктан көз жумган. Бул жылы эже-сиңдилер ага эстелик тургузууну чечип, Түркиядагы бир тууганын чакырышкан. Ал күйөөсү менен чогуу келген», - деп айтылат маалыматта.

Каза болгон адамдын туугандарынын айтымында, кылмышка шектелип кармалган карындашы байкеси менен жакшы мамиледе болгон эмес. Булактардан белгилүү болгондой, кылмышка шектүү аял энесин өлтүрүп, андан кийин денесин чарбакка көмүп салгандыгы тууралуу маалыматтар айтылган. Бул тууралуу анын каза болгон байкеси билген. Учурда тергөөчүлөр шектүү мурдагы жасаган кылмышын жашыруу үчүн байкесин өлтүрүүгө баргандыгы тууралуу маалыматты тешерип жатат.

Окуя тууралуу:

2017-жылы 21-сентябрь күнү аталган райондун Чырак айылына жакын жерде зомбулук менен өлтүрүлгөн белгисиз адамдын күйгөн денеси табылганы жана кылмышка шектүүлөр изделип жаткандыгы маалымдалган.
Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Белгисиз адамдар кылмыштын изин жашыруу максатында дөңгөлөктүн резинкасын өлтүргөн адамдын башына кийгизип, өрттөп жиберген.
Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө каза болгон жаран Аң-Өстөн айылынын 47 жаштагы тургуну И.К. экендиги аныкталган. Анын денеси айылдын четинде көлдүн жээгинен табылып, белинен жогору жагы күйүк болгон. Аны жакындары таанып, уулу атасынын бутунда тырык бар экенин билдирген.
Маркумдун Дубайда эмгектенген кызынын айтымында, атасы телефон чалып, 2 миң доллар салууну өтүнгөн. Кызы атасынын өтүнүчү менен башка аялдын атына акча салып, бул окуядан кийин атасы дайынсыз болуп кеткен. Ал эми 22-сентябрда баласы атасынын WhatsApp номуру аркылуу кат алган. Анда: «Балам, мен шашылыш Алматага кеттим, үйдү барып бекитип кой. Бир айдан кийин келем», - деп жазылган.
ИИМдин билдирүүсү боюнча, каза болгон адамдын кызына жана уулуна жиберилген кат ал өлтүрүлгөндөн кийин жазылган. 
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×