Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 21.11.2017 15:31

Айыл турмушу: Жети-өгүздүк Т.Жумадылов ишкана ачып, 60 миң сомдук көйнөктөрдү тигүүдө (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айылынын 25 жаштагы тургуну Темирлан Жумадылов 5 жылдан бери кыз-келиндердин көйнөктөрүн тигет. Аймактык кабарчы тикмечи жигит менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, И.Раззаков атындагы мамлекеттик техникалык окуу жайдын жеңил өнөр жай технологиясы бөлүмүн аяктаган. Азыркы учурда кийим тигүүчү ишканасын ачып, иштетип жатат. Кол алдында 2 кыз эмгектенет. Айлык акылары тиккен кийимге жараша болот.

«Биринчи коллекциямды 3-курсумда жасагам. Ал коллекцияда кийизден тигилген 5 көйнөк бар болчу. Ошол көйнөктөр менен алгачкы ишимди баштагам. Көбүнчө кыргыздын улуттук стилиндеги кийимдерин тигем. Буйрутма алып тигип баштаганыма 5 жыл болду. Ушунча жылдын ичинде көп  коллекцияларды жасап, көрсөтмөлөргө алып чыгып жүрдүм. Мага көбүнчө стандарттык көлөмгө туура келбеген дене түзүлүштөгү адамдар кайрылып турушат. Көйнөктүн кездемеси өзүмдөн чыгат. Кездемелерди сапатына жараша метрин 150 сомдон 7 миң сомго чейин сатып алам. Көп убакытта тиккен кийимдер 60 миң сомго чейин бааланат. Идеясын өзүбүз таап чыгып, келген кардарларга сунуштап көрөбүз. Ал адамдын да оюн угуп көрүп, акылдашып чечим чыгарабыз. Азыркы учурда бий топтору менен көп иштешип келем», - деди ал.

Тикмечи жигит үй-бүлөдө 3 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×