Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 22.11.2017 09:06

Жети-Өгүздө жыл башынан бери жол кырсыктан 4 өспүрүм каза болду, - РИИБ

Turmush -  Жети-Өгүз районунда жыл башынан бери жол кырсыгынан 4 өспүрүм каза тапкан. Бул тууралуу Жети-Өгүз РИИБден маалымдашты.

Маалыматка караганда, Жети-Өгүз районунда жыл башынан бери жаш өспүрүмдөр катышкан 12 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 4 өспүрүм каза болуп, 27 бала ар кандай жарааттарды алышкан.

Ал эми жалпы Ысык-Көл облусу боюнча ушул жылдын 9 айында 339 жол-транспорт кырсыгы катталып, 78 адам каза болуп, 62 адам ар кандай даражадагы жаракаттарды алган. Балдардын катышуусунда облус боюнча 79 жол кырсык катталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×