Бөлүмдөр
Ишемби, 24-февраль
Ысык-Көл

Аң-Өстөн айылына кичи футбол аянтчасы курулду (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Аң-Өстөн айылында кичи футбол аянтчасы ишке берилди. Бул тууралуу айыл тургуну Эрлан Түгөлбаев маалымдады.

Анын айтымында, тургундар демилге көтөрүп, айылдын кире беришине жазуу тактасы илинип, кичи футбол аянтчасы курулду. Аянтчага бир нече жыл мектепте мугалим болгон маркум Т.Самудиновдун ысымы ыйгарылды.

«Айыл элинин ынтымагы менен бир катар иштер жүзөгө ашырылып жатат. Айыл тургундарынын демилгеси менен элеттеги социалдык маселелер чечилүүдө», - дейт Э.Түгөлбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 710
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×